Ош эл аралык мамилелерде активдүү делген 10 шаардын катарына кирди

Ош шаары эл аралык активдүүлүгү боюнча кичи шаарлардын рейтингинде алдыңкы ондукка кирди. Бул тууралуу “Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийлик”  деп аталган дүйнөлүк уюмдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, изилдөөгө 80ден ашык табыштама түшкөн, андан 54 шаар рейтинге киргизилген. Алгачкы ондукка Оштон сырткары Хабаравск, Пермь, Ставрополь, Казань, Челябинск, Волгоград, Улан-Удэ, Красноярск жана Новосибирск кирген.

Ош –республикалык маанидеги эки шаардын бири. Ар кандай маалыматтар боюнча калаада 500 миң адам жашайт.

Ош дүйнө өлкөлөрүнүн бир катар шаарлары менен боордоштук ымаланы түптөгөн. Өткөн жылы 6,2 млрд доллар инвестиция тартылган.

 

Материалды “Сорос-Кыргызстан” фондунун тажрыйба алмашуу долбоорунун стажеру Кабыл Назаров даярдады. 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.