Ош: дин өкүлдөрүнө адабий китептерди окуу тапшырмасы берилди

Ош облусундагы дин өкүлдөрүнө адабий китептерди окуу тапшырмасы коюлууда. Бул үчүн учурда окуу курстары уюштурулуп, ага он адис катышууда.

Сабактар имамдардын сүйлөө чеберчилигин жогорулатуу максатында уюштурулуп жатат. Атайын кыргыз адабиятындагы жазуучу, акындардын китептери сатып алынып, аны окуу тапшырмасы коюлуп жатат.

“Адеп менен ыйманды кыргызстандык жазуучулар мурун эле жазып коюшкан. Ошондуктан аны дин кызматкерлери билиши зарыл болууда. Мындан улам сабактар уюштурулуп жатат”,-деп белгиледи облустук казыяттын адиси Нургазы Каримов.

Сабактар жумасына бир жолу өтүлөт. Биринчи этапта 10 адис окуп билим алышууда. Кийинки окууга райондордон келген дин өкүлдөрү катышат. Курсту аяктагандарга сертификат берилет.

Иш-чара “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата уюштурулуп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.