Ош: Чернобыль курмандыктары эскерилди

Быйыл Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка 31 жыл толду. Ага байланыштуу бүгүн, 26-апрелде Ош шаарында эскерүү кечеси уюштурулду. Жергиликтүү бийликтен турган топ калаадагы өчпөс отко гүл чамбар коюшту. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаарындагы Чернобыль коомунун төрагасы Манап Мадумаров билдирди.

Анын белгилешинче, 1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыль атомдук станциясында жарылуу болуп, төртүнчү энергоблок иштен чыккан. Дүйнөдөгү атом энергетикасынын тарыхындагы эң ири кырсык катары бааланган окуянын кесепетин жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Алардан 114ү Ош шаарынан болгон. Бүгүнкү күндө шаар боюнча апаатка катышкан 38 ардагер бар.

Сүрөт: sputnik.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.