
Ош милициясы кабарлагандай, коомдук транспорттордо акча, мобилдик телефон жана башка баалуу буюмдарын уурдаткан фактылар көбөйдү.
Жаңырган жылдын 3 айында эле “чөнтөк” уурулардан жабыркаган 41 жарандан арыз келип түшкөн. Бул боюнча шектүү катары 8 адам кармалган.
“Сиздерден коомдук транспортко түшкѳн учурда ѳз буюмдарыңызга сак болушуңуздарды суранабыз! Транспортто уурулук жайылганын эскертебиз”, – деп милиция эскертүү таратты.
Ош ШИИБ бул кылмыш менен алектенген адамдар тууралуу маалыматы барлар болсо102 телефону же 0551-41-17-77 мобилдик номерине байланышууну суранат.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын биринчи кварталында “чөнтөк” ууруларлардан жабыркагандардан 15 арыз келип түшкѳн. Быйылкы көрсөткүч үч эсеге көп.
- 13.04.2017