Ош: үч кабаттуу мечит менен казыяттын имараты июнда пайдаланууга берилет

Ош облустук мусулмандар казыяттынын имараты июнь айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Учурда акыркы жумуштар аткарылып, чатыры жабылууда. Мекеме менен кошо жанына үч кабаттуу мечит да курулуп жатат.

Обьектилердин курулушуна муфтият 40 миң доллар бөлгөн. Калган каржыны чет элдик демөөрчүлөр берүүдө.

“Имарат менен мечитте акыркы курулуш иштери калды. Рамазан айына карата ачуу пландалып жатат. Жаңы мекеме бүтсө облустук мусулмандар казыятты ошол жакта жумушун улантат. Казыятта жалпы 9 кызматкер иш алып барат”,-деп белгиледи казыяттын адиси Нургазы Каримов.

Имараттар Кара-Суунун Фурхат айылына салынууда. Курулуш иштери бир жыл мурун башталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.