Ош: бат эле оңдоого муктаж болгон капиталдык курулуштар

Калаада акыркы жылдары жаңы пайдаланууга берилген капиталдык курулуштар сапаты жагынан элдин сынына кабылып келүүдө. Бир эмес, бир нече жолу ремонттолгондору да бар. “Ынтымактын” “Өңүт” прграммасы Ош шаарындагы жаңы эле курулуп, көп өтпөй кайра оңдоого муктаж болгон курулуштарга кайрылды.

2016 жылы пайдаланууга берилген резервуардан да суу берүү токтотулуп жатат. Ал ишке кирип жатканда Ош шаарынын Кулатов жана Черёмушки кичи райондорунда суу жеткирүү үзгүлтүккө учурабайт деген убада берилген эле. Мындан улам тургундар суу кампа иштен чыкты деген күмөндөрүн айта башташты.

Шаардыгы капиталдык курулуштардын дагы бири-2016-2017-окуу жылында пайдаланууга берилген  “Жетиген” мектебинде да бир жыл өтпөй эле кайра оңдоп -түзөө иштери жүрдү. Аталган мектеп Казакстан республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевтин каржылоосу менен курулган болчу. Жыл айланбай, жаракалар пайда болуп, жамоо иштери алып барылды.

Калаады жол  тыгындарынын алдын алууну көздөп курулган  Новаи көчөсүндөгү көпүрө да бир жыл өтпөй оңдоп -түзөөгө муктаж болду. Ремонттологондон кийин, тактап айтканда ушул жылдын 8-март күнү көпүрөөнүн шыбактары көчүп, кош бойлуу аялдын башына түштү.

Аты аталган жана башка курулуштардын сапаты боюнча тиешелүү кызмат өкүлдөрү “Өңүт” прграммасында түз эфирде жооп беришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.