Ош: балдар ооруканасы медициналык жабдыктар менен камсыздалды

Ош шаарынын вице-мери Нурбек Кадыров менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо жолугушту. Жетекчилер алдыда аткарыла турган жумуштарды талкууга алышты.

Жолугушуудан соң ЮНИСЕФ тарабынан Ош шаардык балдар клиникалык ооруканасына эки медициналык жабдык тапшырылды. Бири 2, 5 млн сомду түзгөн өпкөнү жасалма түрдө дем алдыруучу аппарат, экинчиси оксигенатор жабдыгы берилди.

Вице-мэр медициналык жабдуулар үчүн Юкиэ Мокуого ыраазычылык билдирип, апараттар менен көптөгөн адамдын өмүрүн сактап калышына мүмкүнчүлүк түзүп бергенин белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.