Ош: бала бакчалардагы төлөм 800 сомго көтөрүлүшү мүмкүн

Ош шаарынын бакчаларындагы төлөмдүн баасын 800 сомго көтөрүү сунушталууда. Анткени бүгүнкү күндөгү айына берилүүчү 500 сом баланын толук кандуу тамактануусун камсыздай албайт. Учурда азык-түлүк кымбаттап, күнүнө туура келчү 33 сом жетпей жатат. Мындан улам билим берүү башкармалыгы төлөмдү жогорулатуу сунушу менен шаардык кеңешке кайрылды.

2008-жылдан бери Ош шаарындагы бала бакчаларда төлөмдүн баасы 500 сомдон толөнүп келет. Аны күнүнө баланын тамагына бөлгөндө 23 сомдон туура келет. Шаардык казынадан бөлүнгөн сумманы кошкондо, баланын бир күндүк тамак ашына 10 сомдон акча кошулат. Анын эсебинен бир күндө тарбиялануучуларга 4 жолу тамак берилүүдө. Азыктар негизинен эт жана сүттөн даярдалат.

 “Күнүнө эле балдарга сүттүү тамак бере бербей, кошумча жарты болсо да жумуртка берсек болот. Нанга кошуп жечү май же ширелерди берсек жакшы болмок. Балдардын табити да витаминдүү азыктарга жакшы. Бирок азыр кунүнө эле бир түрдүү тамак берилет”,-деди №13 “Кыял” балдар бакчасынын башчысы Рахима Матраим кызы.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына акыркы 3 жылдан бери тамак-ашка төлөмдү көбөйтүү боюнча бакчалардан кайрылуулар түшкөн. Анын негизинде төлөмдү ар бир бала үчүн айына 800 сомго көтөрүү пландалып жатат. Мунун эсебинен колориялуу азыктарды алганга шарт түзүлөт.  Азырынча буга 41 бала-бакчанын ичинен 10 бакчадагы тарбиялануучулардын ата-энелери макулдугун берди.

“Кээ бир ата энелер балам бакчада төрт маал тамактанат, бул жетиштүү деп ойлойт. Бирок каржынын аздыгынан жакшы тамак берилбей жатканын билип туруп биз чыдабайбыз. Бул бакча жетекчилеринин да көйгөйү. Анткени алар да күнүнө кандай тамак берилип жатканын көрүп турушат да. Ошондуктан төлөмдү жогорулатуу сунушун бергенбиз”,-деди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов.

Билим берүү башкармалыгынын бул сунушун Ош шаардык кеңешинин депутаттары дагы карап чыгышты. Бирок эл өкүлдөрү сунуш менен гана төлөмдү көбөйтүүгө кол коюп бере алышпайт. Ал үчүн эң биринчи ата-энелердин макулдугун билдирген протокол билим берүү башкармалыгына жиберилип, мындан мэриянын да кабары болушу керектигин белгилешүүдө. Эл өкүлдөрү төлөмдүн жогоруласа социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдүн шарттары эске алынаарын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караган 41 бала-бакчада 17 миңге жакын тарбиялануучу бар. Учурда алардын тамагына берилип жаткан  500 сом өлкө боюнча бакчалардагы эң аз сумма деп табылды. Мисалы, Кара-Суу районунда 650 сомдон болсо, борбор калаа Бишкекте 850 сомдон 1000 сомго чейин жетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.