
Оштогу Бабур театры жаңы жабдуулар менен толукталды. Эмеректерди коңшу Өзбекстан мамлекети белек кылып берген. Анда заманбап декорация,15-кылымдарга таандык кийимдер, 50гө жакын персонаждар бар.
Жабдуулардын баасы 2 млн 24 миң сомду түзгөн.
“Муну менен театрдын бүт муктаждыктары камсыздалды. Учурда Бабур Мирзо тууралуу спектаклди элге тартуулоого даярдык көрүлүп жатат”, – деди Бабур атындагы өзбек драма театрынын директору Набижан Мамажонов.
Эске салсак, өткөн жылы Өзбекстандын 140 адамдан турган делегациясы Ошко келген. Анда Өзбекстандын вице-премьер-министр Адхам Икрамов Ош шаарындагы Бабур театрына 50 миң доллар жардам берээрин билдирген эле.
- 04.05.2017