
Ош шаарында апрель айынын аягында эки күнгө суу токтотулат. 25-апрель түнкү саат 12:00дө өчүрүлүп, 27-апрель түнү кайра берилет. Бул тууралуу “Ынтымакка” шаардык суу канал башкармалыгынын башкы инженери Ормош Осмонов билдирди.
Эки күн ичинде суу түтүктөрү оңдоодон өтөт. Мындан улам мекеме тургундарды жетишээрлик суу камдап алууну эскертет.
Адистер кошумчалашкандай, белгиленген убакытка жакындаганда суунун токтотулаары тууралуу коомчулукка маалымат берилет.
Ар жылы жаз жана күз мезгилдеринде түтүктөрдү тазалоо үчүн мекеме эки күнгө сууну токтотот.
- 05.04.2017