
Ош шаарындагы Амир-Темур аймактык кеңешинде жаштарга Ислам динин таанытуу боюнча окутуулар уюштурулат. Ага дин өкүлдөрү чакырылып, динге туура багыт беришет. Бул тууралуу “Ынтымакка” Амир-Темур аймактык кеңешинин төрагасы Мухамадамин Канатов билдирди.
Анын айтымында, 3-майда да окуучулар “Жаштар терроризмге каршы” деген чакырыктар менен жүрүшкө чыгышты. Алардын жүрүшүн дин өкүлдөрү менен милиция кызматкерлери коштоп жүрүштү.
Расмий маалыматтарга ылайык, өлкө боюнча Сирияда 600дөй жаран бар. Алардан 70ге жакыны ошол жактан каза тапкан. Ош шаары боюнча 160дан ашуун жарандын Сирияда экендигин күч кызматкерлери айтып келишет.
- 04.05.2017