
Ош шаарынын Амир-Темур аймактык кеңешинде мектеп окуучулары “Терроризмге каршыбыз” деген чакырыктар менен жүрүшкө чыгышты. Ага жалпы 100дөй тургун катышууда. Окуучуларды шаардык казыяттын өкүлдөрү менен күч кызматындагылар коштоп жүрүшөт. Бул тууралуу кабарчыбыз Нуржамал Баргыбаева билдирди.
Ушундай эле иш чара Туран жана Достук аймактык кеңештеринде да болуп жатат. Буга чейин мындай жүрүш Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө да болгон.
Айыл өкмөт башчысынын орун басары Матазим Абдылбаевдин айтымында, айыл өкмөт аймагынан Сирияга кеткендер көп болуп жаткандыктан жүрүш уюштурулган. Мындан ары да райондун ар бир аймагында улантылары пландалууда.
Сүрөт: Sputnik
- 03.05.2017