
Бул турулуу Амир-Темур аймактык кеңешинин жашоочулары шаардык кеңштин депуттары менен болгон жолугушууда билдиришти. Кечээ Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов баштаган депутаттар тобу шайлоочулар менен жолугушуу максатында Амир-Темурга барышкан.
Тургундардын айтымында, негизги жол тосулуп калып, ага альтернатива болчу жол жок кыйналып жатышат.
“Ал жол менен газ куурлары тартылып жаткандыктан жабылып турат. Амир-Темур аймактык кеңешинде чындыгында алтернатива жолдун жоктугу гана көйгөй эмес, негизги жол да талаптарга жооп бербейт. Тар көчө болуп калган. Бул убактылуу көрүнүш, жакын арада кайра калыбына келтирилип ачылат”, – деди Ж.Ормонов.
Жашоочулардан берилген суроо талаптарга ылайык, ар бир маселе шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык комиссиялары тарабынан анализделип, арыз ээлерине тиешелүү жооптордун берилиши белгиленди.
Расмий маалымат боюнча, Амир-Темур аймактык кеңешинде 45 миңдей адам жашайт. Жолдун узундугу 5 чакырымды түзөт, азыр анын 2,5 километри ремент иштеринен улам тосулуп турат.
- 25.04.2017