Ош: Алайда кореялык турист жана элдин көмөгү менен таза суу чыгарылды. Фото

Кореялык турист жакындары менен биргеликте акча топтоп, Алай районундагы Сары-Могол айылына таза суу чыгарып берүүгө 8 млн сом акча которгон. Ал мындан 3 жыл башта аталган айылга турист катары келип, таза суу чыгарып берүүнү максат кылып кеткен.

Мындай акча келгенден кийин айыл эли, айыл өкмөт, ушул айылдын башка аймактарда жана чет мамлекеттерде иштеп жатышкан жашоочулары да каражат топтоп, жалпы 10 млн сомго Сары-Могол айылына таза суу чыгарышты. Бул тууралуу ушул айылдын тургуну Кеңешбек Сайназаров билдирди.

“Жалпы эл күн сайын жумушка чыгып, бири оор жүк ташуучу авто унаасы менен курулуш материалын алып келишсе, дагы бири таш, шагыл, кум ташып берип жатышты. Дагы калгандары жумушчулардын тамак-ашына кол кабыш кылышты”,-деди ал.

Быйыл, “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын” алкагында айылдарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик чоң долбоор башталган. Өлкөдө жалпы 1800 айылдын 653үндө таза суу жок. Анын ичинен быйыл – 2019-жылы 57 айылга мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана кайрымдуулук, эл аралык уюмдардын жардамы менен таза суу чыгарылаары айтылган. Былтыр 2018-жылы 30 айыл таза суу менен камсыздалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.