Ош: аймактарда малга тоют жетпей жатат

Ош облусунун алыскы аймактарында тоют тартыштыгы күчөдү. Мындан улам малчылар чөптү кымбат баада сатып алууга аргасыз болуп жатышат.

Облус аймагында чөптүн баасы 250 сомдон жогору сатылууда. Тоолуу айылдарда кар көп болгондуктан мал азырынча жайытка чыга элек. Ага байланыштуу малчылар дагы деле чөп сатып алууга мажбур болушууда.

“100 боо чөп алсак анын баасы 2 500 сом болот. Бирок жүздөн ашуун мал жандык кармагандарга бул тоют бир айга да жетпейт. Чөптү алып келүүгө дагы жол акы төлөйсүн. Кар кетки чейин дагы канча чөп сатып алабыз аны билбейм”,-деди малчы Ибрагим Алибаев.

Адистердин пикиринде ар жылы жаз келээрде аймактарда тоют көйгөйү жаралат. Бирок бул жылы жаздын кеч келиши дагы малчыларды түйшүккө салууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.