Ош аба майданынын бекети жаңыланды

Ош аба майданынын бекети оңдолду. Бүгүн комплекстин ачылыш аземине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты.

Аэробекет саатына жарандарды өткөрүү мүмкүнчүлүгү 450дөн 600гө өстү. Ал эми аянты 5 миң чарчы метрден 7 160 чарчы метрге кеңейтилген.

Аэропортунун директору Талантбек Ысаков жыл сайын түрдүү багыттар боюнча жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн бекетти кеңейтүү муктаждыгы келип чыккандыгын айтты.

“Аба майдандын тардыгынан аэробекетти кеңейтүү мүмкүн болбой келген. Акыркы кездери ага аракет көрүп жатып, учурда аянт кеңейди. Муну менен жүргүнчүлөргө шарттар түзүлдү”,-деп белгиледи Ысаков.

Жетекчи алдыда көп учактарды кабыл алуунун жаңы схемасы түзүлөөрүн кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.