
Бул тууралуу Ош шаарыдык ИИБнин маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү эрте менен Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Тээке айылындагы “Анвар” мечитинин алдынан 1976-жылы туулган Кожонова Арзыгүлдүн киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган.
Кароо учурунда аялдын денеси бүтүндөй көгала болуп, 13 кабыргасы сынгандыгы аныкталган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөөчүлөрү тарабынан кылмышка шектүү катары маркумдун уулу кармалган.
“Шектүү 1999-жылы туулган. Учурда иликтөө жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды”, – деп кабарлады Ош милициясы.
Сүрөт: www.
- 24.04.2017