Орусиянын коргоо министрлиги “гуманитардык коридор” ачканын билдирди

Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү Москва убактысы боюнча эртең мененки саат 10:00дон тартып тынчтык режими жарыяланганын билдирди. Анын негизинде Украинанын Киев, Мариуполь, Харьков жана Суми шаарларынын тургундары үчүн гуманитардык коридор ачылат.

“Гуманитардык коридор “катастрофалык гуманитардык абалды” эске алуу менен жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондо сүйлөшкөн Франциянын лидери Эммануэль Макрондун жеке өтүнүчү боюнча ачылууда”, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Орус тарап сунуштаган гуманитардык коридорлордун маршруттарына ылайык, Мариуполь, Харьков жана Суми шаарларынын тургундары Орусияга же Украинанын орус аскерлери жок батыш бөлүгүнө бара алса, Киевдин тургундары орус аскерлери ээлеп турган Беларус аркылуу гана чыгып кете алышат.

Азырынча Орусиянын Коргоо министрлигинин бул билдирүүсү боюнча украин тарап эч кандай комментарий бере элек.

Дүйшөмбүгө караган түнү Украинанын бир нече аймагында аткылоолор уланды. Маалыматтарга караганда, Николаев шаарындагы турак үйлөр зыянга учурады. Мындан тышкары Харьков шаарында да кыйроолор бар экени кабарланды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.