Орусиялык S7 авиакомпания Тажикстанга каттамдарын калыбына келтирет

Орусиялык S7 (“Сибирь”) авиакомпаниясы жакынкы күндөрү Тажикстанга каттамдарын жарым-жартылай жандандырат. 

S7 Airlines компаниясынын жооптуу өкүлү Журабек Тожибеков жакын арада Новосибирсктен Душанбе менен Хожентке учактар каттай баштарын кабарлады. Авиакомпаниянын расмий сайтында 20-мартта S7 Airlines лайнери Душанбе-Новосибирск каттамын аткарары жазылган.

Чектөөлөргө чейин S7 Airlines авиакомпаниясы Тажикстандын төрт аэропортунан (Душанбе, Хужент, Куляб жана Бохтар) Новосибирск, Москва, Барнаул, Омск, Томск жана башка шаарларына каттамдарды аткарып келген.

Журабек Тожибеков эл аралык каттамдар токтотулгандан кийин алар жүргүнчүлөрдүн бир бөлүгүн Орусиянын башка авиакомпанияларына жөнөткөнүн белгиледи.

5-мартта Орусиядагы S7 Airlines компаниясы ЕБнын санкцияларына байланыштуу лизингдеги учактары камакка алынышы мүмкүн деген кооптонуулардан улам бардык эл аралык каттамдарын токтоткон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.