Орусияда коронавируска каршы каражат ооруканаларга таратыла баштады

Орусиянын түз инвестициялоо фонду жана “ХимРар” компаниясы коронавирусту дарылоого колдонуучу “Авифавир” препаратын экспорттоону баштады. Бул тууралуу Риа новости жазды.

“Авифавир” ОМС программасынын негизинде орусиялыктарга акысыз берилет. Препаратка дүйнөнүн 10дон ашык өлкөсүнө буюртма түшкөндүгү белгилүү болду.

Маалым болгондой, “Авифавирди”Беларусь өлкөсүнө экспорттоо ишин башташкан. Жакын арада Казакстанга жиберүү күтүлүүдө. Ошондой эле бул каражатка 50дөнашуун мамлекет, анын ичинде КМШ жана жакынкы Чыгыш өлкөлөрү да кызыкдар экендиги маалымдалган. Учурда Авифавир препаратын Латын Америка өлкөлөрүнө экспорттоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.