Орусияда абакта олтурган балалуу аял боюнча КР милициясы үн катты

КР жараны Н. Ж. 10-апрелден бери Москва шаарынын Кузьминск райондук сотунда абакта кармалууда. Аялдын трт айлык баласы ооруканага түшүп калган.

Аялга 2011-жылдын 2-январь күнү  КРнын Кылмыш Жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо)  менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү тергөөгө келбей койгонунан улам 2015-жылдын май айынан тарта эл аралык издөө жарыяланган.

“1973-жылы туулган Ж.Н. ге карата Сузак райондук соту 2011-жылдын 31-майында анын бөгөт коюу чарасын өзгөртүп камакка алуу токтомун чыгарган.  Ал бир канча жолку чакырууга келбегендиктен, эл аралык издөө жарыяланган”, – деди Жалал-Абад облустук ИИБнин маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков.

[postleft id=’6334′]

Ал кошумчалагандай, 2010-жылдын 30-сентябрында Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Таран-Базар айылынын тургуну М.М.аттуу аялды Урунбаш токоюнда 3 аял (бир тууган эже-сиңдилер) уруп, терип койгон жаңгагын тартып алып коюшкан. Алардын бири Орусияда кармалган аял болгон.

Жалал-Абад милициясы бул ишти КРнын ИИМнин Орусиядагы өкүлчүлүгү караарын айтты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.