Орусия: жаш балалуу КР жараны абактан чыга элек. Иш элчиликтин көзөмөлүндө

Кыргызстандын суроо-талабы менен КР жараны Н.Ж.  10-апрелден бери  Орусиянын Москва шаарынын Кузьминск райондук сотунда абакта олтурат. Энесинен ажыраган төрт айлык ымыркайы сыркоолоп,  ооруканага түшүп калды. Бул тууралуу кармалган аялдын кызы кечээ  “Ынтымакка”  билдирген. 

Аял мындан 4 жыл мурун Сузак районунун Жоон-Күнгөй айылында жаңгак токоюн ижарага алган. Түшүм алаар маалда токойдун экинчи “ээси” чыгат. Эки тарап уруша кетип, иш сотко чейин жеткен.

“Биз Жалал-Абадда жаңгак токой иштетчүбүз. Токой башчысы бир эле жерди эки адамга – бизге жана дагы бирөөлөргө берип салган. Ушундан улам апам жердин экинчи “ээлери” менен чатакташа кеткен. Окуя төрт жыл мурун болгон. Апам дароо эле Орусияга кеткен эле. Ошол боюнча эми кармашыптыр”, – дейт кызы.

Анын айтымында, апасы издөөдө экенин буга чейин билген да эмес.  Жалал-Абаддагы туугандарына же Москвага чакыруу жөнөтүлбөгөнүн айтат.

“Апам милиция кармап кеткенде гана 4 жыл мурунку уруш эсибизге келди. Биздин токойду талашкан адамдарга эч кандай оор жаракат же материалдык зыян алып келген эмеспиз. Болгону алар биринчи арыз жазган. Бул төрт айлык баласы менен камап кое турган деле кылмыш болбосо керек”, – дейт ал.

21-жаштагы кыздын “Ынтымакка” кайрылуусунан кийин бул боюнча элчиликке кабар жетти. Дипломатиялык корпустун  өкүлдөрү кармалган аялдын кызы менен жолугушуп, юридикалык кеңеш бергенин маалымдады. Маселе элчиликтин көзөмөлүндө.

“Азыркы кезде төрт айлык бала Москва шаарынын ооруканаларынын биринде аялдын бир тууган сиңдисинин кароосунда жатат. КРнын жаранына карата козголгон иш Москва шаарынын Кузьминск райондук сотунда каралууда. Аял 2017-жылдын 10-апрелинде кармалганы тууралуу РФ ИИМнин Москва шаарынын Кузьминск району боюнча башкармалыгынан элчиликке тийиштүү кат келип түштү. Биз ишти көзөмөлдөп жатабыз”, – деди Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетова.

Кызы апасына жардам берүү үчүн Жалал-Абаддагы жердештерине кайрылып, аймактык милициядан маалымат тактоону өтүнгөн. Бирок алар Сузак  РИИБден жарытылуу жооп ала албай убара болуп жатканын айтышты.

“Сузак райондук соту Москвага факс аркылуу кат жөнөткөндө гана кое берилет экен. Кечээ жөнөттүк дешти эле. Бирок ал жакка жетпей атыптыр. Кечээ Москванын убактысы менен саат 16:00дө баш коргоо чарасы каралмак. Кызынын айтымында, наристесин балдар үйүнө берип, аялды камайбыз дешиптир. Азыр да ошол иш боюнча жүрөбүз”, – дейт  абакта олтурган аялдын жердештери.

Жалал-Абад облустук милициясы 1973-жылы төрөлгөн КР жараны Ж.Н.га карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноочулук) менен иш козголгонун гана билдирип, калган маалыматты тактоо үчүн  убакыт сурады.

КРнын Орусиядагы элчилигинен тактап өтүшкөндөй, аялга Сузак райондук милициясы эл аралык издөө жарыялаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.