
Орусиянын Салехард шаарында вагон үйдөн чыккан өрттөн Кыргызстандын бир жараны каза болду. Дагы экөө жараат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу РФтин Тергөө комитетинин аймактык бөлүмү билдирди.
Аллдын ала божомол боюнча жалын газ баллонду туура эмес иштетүүдөн улам тутанган.
“Кырсыктан каза болгон жана жабыркагандар Кыргызстандын жарандары. Алар “Ямата” фирмасында иштешкен”, – деп айтылат маалыматта.
Тиешелү кызматтар окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.
Жыл сайын чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын 300дөйү ар кандай себептерден улам ажал табышат.
- 12.04.2017