Орусия: Ростов-на-Донуда жардыруу болду

Орусиянын түштүк тарабындагы Ростов-на-Дону шаарында бүгүн эрте менен жарылуу катталды. Окуя мектептин айланасында болуп, 1 адам жараат алды.

Мектеп аянтын тазалап жүргөн киши белгисиз баштыкты таап алып, ичин текшерип жатканда жарылып кеткен. Кишинин кол манжасы үзүлүп, ичинен жаракат алганы айтылууда. Полиция кызматынын билдирүүсүндө, баштыкта колдо жасалган жарылуучу зат болгону аныкталды.

Ал фонарь сыяктуу жасалган. Аны жандырып көргөн маалда жарылып кеткен. Ал эми жараат алган киши ооруканага жеткирилди.  Учурда кырсык болгон жай тартип сакчылары тарабынан курчоого алынып, иликтөө иштери жүргүзүлө баштады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.