Орусия: Петербургда дагы бир жарылуу болду

Орусиянын Петербург шаарында дагы бир жарылуу катталды. Маалым болгондой, 1999-жылы туулган жаран китеп кананын маңдайынан таап алган белгисиз затты ачып көрүп жаткан маалда жарылып кеткен.

Кырсыктан студенттин бир колу үзүлүп, учурда ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылууда. Дарыгерлердин берген маалыматына караганда, анын өмүрүнө коркунуч жок. Окуя тууралуу маалымат, алгач социалдык тармактарда тарай баштаган.

Кырсык өткөн суткада кечке маал болгону айтылат. Жабыркаган бала Санкт-Петербургдагы мамлекеттик университетинин студенти экени аныкталды. Учурда бул окуя боюнча атайын кызматтар иликтөө иштерин жүргүзө башташты. Эскерте кетсек, өткөн жумада дагы Петербургдагы метролор ортосунда жардыруу болуп, ондогон кишилердин өмүрү кыйылган эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.