Орусия: КР жараны эки жашар уулун өлтүрүүгө шектелүүдө

Окуя ушул жылдын февраль айында Орусиянын Тюмень облусунда болгон. Тергөө көрсөткөндөй, шектүү улам ыйлаган эки жашар уулун катуу токтмоктоп жатып өлтүрүп алган.

Тергөө комитенинин аймактагы бөлүмү билдиргендей, Кыргызстандын 25 жаштагы жаранына козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады.

Алдын ала тергөө көрсөткөндөй, айыпталуучу 2015-жылы төрөлгөн баласын денесинин оң келген жерине, анын ичинде башына катуу урган. Ымыркайдын абалы начарлап кеткенде, ата-энеси тез жардам чакырган. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай, бала алган жараатынан улам жан берген.

“Алгач шектүү баласын урганын четке кагып жаткан, бирок тергөө атанын бул иште колу бар экенин далилдеп чыккан. Айыпталуучу абакка алынды”, – деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү далилдерди топтодук деген тергөө кызматы ишти соттун кароосуна жибергени жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.