Орусия авиабилеттердин баасын жогорулатты

Орусия 21-сентябрдан тарта башка өлкөлөргө чек араларын ачканы маалымдалган.  Анда белгилүү болгондой, Казакстанга(Нур-Султан), Кыргызстанга(Бишкек) жана Белорусияга(Минск) жолдор ачылган.

Мындан көп узабай эле Орусиянын Туту.ру сайты жолдору ачылган өлкөлөргө болгон билеттердин бааларын жарыялады.

Андан былтыркы жылга салыштырмалуу Орусиядан Белорусияга болгон баа 4 эсеге, Казакстанга 3 эсеге өскөнүн көрүүгө болот.

Ал эми Кыргызстанга болгон билеттин баасы 1,5 эсеге жогору. Б.а Москва-Бишкек-Москва багыты үчүн 25 миң 867 сом керектелет. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Күз айларында(21-сентябрдан 30-ноябрга чейин) Орусия төмөнкү шаарларга авиакаттамдарын толук кандуу ишке ашырат:

Бишкек (Кыргызстан), Анталья (Түркия), Стамбул (Түркия), Кишинев (Молдова) , Ташкент (Өзбекстан), Дубай (ОАЭ), Ереван (Армения), Тель-Авив (Израиль), Аланья (Түркия) жана Минск (Беларусь).

Куш тумоосу Казакстандын беш облусунда тарады

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.