“Орто-Сай” базарын өрттөөгө шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарындагы “Орто-Сай” базарын өрттөгөнгө шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалым болду.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-ноябрь күнү болжол менен саат 00:25те “102” номерине Бишкектин “Орто-Сай” базары өрттөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Атайын тергөө тобу окуя болгон жерге барганда өрт эки кабаттуу имаратта чыккан деген алдын-ала маалыматтар алынган. Ал имаратта тигүү цехи, дүкөндөр жана тез тамактануучу жайлары жайгашканы аныкталган.

“Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 210-берене “башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалган. Иликтөө иш-чаралырынын жүрүшүндө Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан 1979-жылы туулган М.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, – деп жазылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.