Ооганстанда 231 ЖМК жабылып, 6400 журналист ишсиз калды

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму Ооганстандын эркин журналисттери менен бирге баяндама жарыялады.

20-декабрда жарык көргөн баяндамада Ооганстанда Талибан бийликке келгенден бери 231 ЖМК жабылганы, 6400 журналист жана ЖМК кызматкери ишсиз калганы айтылат. Баяндамада көбүнчө аял журналисттер бул режимдин репрессиясынан жабыркаганы белгиленген.

“Чек арасыз кабарчылар” Ашраф Ганинин тушундагы башкаруу менен 15-августта Талибандын бийликке келишинен кийинки ЖМКнын абалын салыштырган. Баяндаманын авторлору бийликке талибдер келгенден кийин журналисттерге кысым күчөгөнүн айтышкан.

Ооганстанда иштеген 543 ЖМКнын ичинен учурда 321си гана иштеп жатат. Башкача айтканда, төрт ай ичинде ЖМКлардын 43 пайызы жабылган. Алардын көбү жергиликтүү басылмалар. Маселен, Герат провинциясында ЖМКлардын 65% жабылып, бүгүнкү күндө 51 маалымдоо каражатынын 18и гана иштеп жатат. Кабулда ар бир экинчи ЖМК ишин токтоткон.

Статистика боюнча талибдер бийликке келгенге чейин ЖМКларда 2490 аял иштесе, учурда алардын 410у гана өз ишин улантууда. Башкача айтканда, алардын 84 пайызы ишсиз калган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.