Ооганстан: АКШ аскерлеринин жанында жардыруу болду

Кабулда болгон жардыруудан кеминде 8 киши мерт кетти. Маалым болгондой, АКШ элчилигинен алыс эмес жайда, НАТО коллоннасынын жынында жанкечти өзүн жардырган. 

Кырсыктан 3 америкалык аскер жараат алды. Ал эми каза болгондор жергиликтүү тургундар. Ошондой эле, жергиликтүү жашоочулардан 25 адам жараат алганы да айтылууда. НАТО миссиясынын атайын өкүлү кол салуудан кийин аскерий колонна кайра базага кайтарылганын билдирди.

Жанкечти Американын бронотехникаларын жардырууга аракет кылган. Учурда чабуул боюнча эч бир террордук уюм жоопкерчиликти мойнуна ала элек. Бирок буга чейин “Талибан” кыймылы өлкө аймагындагы чет өлкөлүк аскерлерге кол салуу уюштураарын айтып, бийликти коркутуп жаткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.