
Кыргызстандагы жаш аткаруучуларда ырдын авторунан уруксат сурап же обон жаратуучуларынын атын эл алдында айта жүрүү маданияты жок. Мындай пикирин обончу Камчыбек Турсункулов “Ырыс таң” берүүсүндө билдирди.
“Казакстандагы балдар мага чалып, “Карындаш” ырымды аткарууга уруксат сурашты. Бизде андай маданият жок. Жаштардан ырдын сөзүнүн же обондун авторун айтып, клиптерине жаза жүрсө деп суранат элем. Аты-жөнүңдү угуп-көрүп калсаң, кубанып каласың да”, – дейт Камчыбек Турсункулов.
Ал 1977-жылы чыгып, азырга чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келе жаткан “Оо карындаш” ырынын автору.
“Ырыс таңда” Камчыбек Турсункуловдун “Досторума” деп аталган жаңы ырынын бет ачары да болду.
Жакса досторуңуз менен бөлүшүңүз!
- 27.04.2017