Ондон ашуун улут өкүлдөрү достук фестивалын уюштурушту

Наримандагы ар улуттун өкүлдөрү ынтымакты бекемдөө үчүн фестиваль уюштурушту. Анда ыр, бийлер аткарылып, тамак-аштарын көргөзмөгө коюшту.

Иш-чарага ар улуттун өкүлдөрүнөн коноктор чакырылып, мектеп окуучулары да келгендерге өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Нариман айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн башчысы Лола Нышанованын айтымында, фестивалда жалпы 14 улуттун бийлери аткарылды. Иш-чара айыл өкмөт жана №57 Турсунали Сулайманов атындагы мектеби менен биргеликте өткөрүлдү. Негизги максаты Кыргызстанда жашап жаткан улуттардын маданиятын колдоо, ынтымакты бекемдөөгө багытталган.

Фестиваль Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулган. Ага айылдык кеңештин депутаттары, ата-энелер жамааты жана “Мой дом -моя крепость” кайрымдуулук фондунан Норвегиядан келген коноктор  катышышты. Иш-чаранын соңунда мыкты делген номерлерге жана мугалимдерге белектер тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.