Он үч жаштагы Жазайым сегиз музыкалык аспапта ойнойт

Он үч жаштагы Жазайым Жандарбекова сегиз аспапта ойной алат. Ал ооз комуз, пианино, кыл кыяк, мандолинада жана комузда кол ойнотот. Эми ал аккордеон менен гитара чертүүнү өздөштүрө баштады.

Мындан сырткары Жазайым азыркы тапта дагы бир музыкалык аспапта ойноону үйрөнүп жатат. Ал дүйнөлүк хитке айланган “Деспасито” ырын скрипкада ойной баштады. Музыканы телефондон угуп, өз алдынча эле өздөштүрүп жатат.

Жаш талант мындан ары музыкалык билимин өркүндөтүп, конкурстарга катышууну пландап жатат. Анын максаттарынын ишке ашышына апасы менен мугалимдери көмөк көрсөтүшүүдө. Жазайым мындан сырткары спортко да кызыгат. Тогуз коргоол жана шахмат боюнча жеңүүчү болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.