“Омикрон” штаммы башка штаммдарга караганда 5-10 эсе тез жайылат

Коронавирустун “омикрон” менен жаштардын көбү ооруп жатат. Бирок, оору жарандарда жеңил өтүп, ооруканада жаткан бейтаптардын саны аз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын төртүнчү толкунунун келиши жаңы жылдык майрамдар, корпоративдер жана кышкы туристтик сезон маалында адамдардын көп чогулушу себеп болгон.

“Өлкөдө катталган “омикрон” штаммы башка штаммдарга караганда 5-10 эсе тез жайылат. Бирок “омикрон” жарандарда жеңил өтүп, ооруканада жаткан бейтаптардын саны аз. Адамдардын 70 пайызы амбулатордук түрдө дарыланууда. Учурда оорукананын баары даяр турат”, – деди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 16-январга карата коронавирус 874 адамдан аныкталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.