Окуучунун карамагында калган Ыманалы кайрымдуу инсандардан жардам сурайт Видео

Ыманалы Жунус уулу 10 жылдан бери тери оорусу менен жабыркап келет. Даары алууга дарамети жетпей, же тажрыйбалуу дарыгер таппай, ден-соолугу улам начарлоодо. Псориаз ооруусу өтүшүп, учурда бөйрөктөрү да шишип кеткен. Тилеке каршы Ыманалыга күйүп бышчу ата-энеси да каза болгон. Учурда ал окуучу карындашынын кароосунда. Мындан улам, 24 жаштагы бейтап, кайрымдуу жарандардын жардамына муктаж.

4-класстан соң тери ооруусуна кабылып, дарттын айынан Ыманалы теңтуштарынан тартынып, мектепти да таштап койгон. Башында дарыгерлер бул дарттын олуттуу коркунучу жок дешкен. Бирок бара-бара жан сыздаткан жара бардык денесин каптап кеткен.

Натыйжада дарт өрчүп, теринин бузулушуна алып келген. Тактап айтканда псориаздын өтүшүп кеткен туру, бөйрөгүн иштен чыгарган. Мындан улам Ыманалынын денеси шишип, бир жылдан бери төшөктөн тура албай жатат.

“ Бассам, отурсам, жатсам деле денелеримдин териси жарыла берет. Мындан улам кыймылбай албайм. Башым да катуу ооруп кетет”,- дейт Ыманалы Жунусалы уулу.

Ыманалыны Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында жашайт. Турмуш шарты оор  үй-бүлөдөн. Бирок мамлекеттен тиешелүү эч кандай жардам берилбейт.

Өнөкөт тери оорусун дарылатууга, өлкөдөгү медицинанын күчү жетпейт. Азыр эң негизгиси шишип жаткан бөйрөгүн сактап калуу зарыл. Ыманалыны чет өлкөдө дарылатууга жакындарынын капчыгы жукалык кылып жатат. Ал эми айыл тургундары менен жергиликтүү ишкерлер чогулткан каражат бейтаптын жараларына, күнүмдүк дарыларга гана жетет. Андыктан 24 жаштагы Ыманалынын өмүрүн сактап калуу үчүн жакындары кайдыгер карабаган жарандардан жардам сурайт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.