Окуучулар өзгөчө кырдаалдарда сактануунун жолдорун үйрөнүшүүдө

Ош шаарындагы мектеп окуучулары өзгөчө кырдаалдарда өзүн өзү алып жүрүүнүн эрежесин үйрөнүшүүдө. Алар мектепте же жаратылышта табигат кырсыгы жүз берген учурларда сактанып калуунун жолдорун өздөштүрүп жатышат.

Иш-чара кырсыктарда адам өмүрүнө жол бербөө максатында өткөрүлүп жатат. Бул жолку окууга №17 Ю.А.Гагарин атындагы мектептин жалпы окуучулары катышып, жол жоболорду үйрөнүштү. Аларга адистер эрежелерди практика жүзүндө көргөзүп беришти.

Мындай сабактар буга чейин да бир канча мектепте уюштурулуп келген. Ошондой эле кооптуу аймактардагы тургундарга да окуулар өткөрүлөт.

Уюштуруучулар кошумчалашкандай, сабактар мындан ары да улантылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.