Окуучулар тарыхый инсандардын күмбөзүн тазалашат

Кара-Суу районундагы мектеп окуучулары тарыхый инсанардын күмбөзүн тазалоого чыгышат. Алар Сармазардагы Курманжан-Датканын күмбөзүн акыр-чикирлерден арылтышат. Иш чарага райондогу Мады, Шарк жана Кызыл-Кыштак айылындагы үч мектептин окуучулары катышышат.

Ишембилик 7-апрелде өтөт. Иш-чараны “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси уюштурууда. Тазалоо жумуштарын бирикмедеги балдар өз жардам топторунун жалпы 20дан ашуун окуучусу жана бирикменин адистери жүргүзүшөт.

“Окуучуларды инсандардын күмбөзүн тазалатууда алардын тарыхын, басып өткөн жолу тууралуу айткыбыз келет. Алай ханышасынын мекендин түптөлүшүнө кошкон салымын, кийинки муун үчүн жасаган аракеттерин окуучулар жакшы таанып билсе деген максат койгонбуз”,-деди бирикменин чондор өз жардам топторунун тирекчиси Нарынкул Дюшеналиева.

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси жаңы конуштарда жана алыскы айылдарда жашаган калктын аз камсыз болгон катмарына жардам берүүнү көздөйт. Ошондой эле улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө карата долбоорлор менен иштешет.

сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.