
Ош шаарындагы окуучулар куткаруу кызматын аркалаган адистердин бир күндүк жашоосу менен таанышышты. Алар куткаруучулардын жашоо шарттары, күнүмдүк спорттук машыгуулары, шаймандарын кандай иштетүүнү көрүп чыгышты.
Бул үчүн иш-чара уюштурулуп, ага Кара-Суудагы Токтомуса Алимбеков атындагы мектеп окуучулары катышышты. Уюштуруучулар мындай таанышуулар окуучулардын патриоттук сезимин ойготуп, мекенчилдикке тарбиялай турганын билдиришти.
Окуучулар менен жолугушуулар мындан ары башка мектептин окуучулар менен да улантылат.
- 14.04.2017