Окуучулар диний радикализмге каршы видеороликтерди тартышты

Дүйнө жүзүн тынчсызданткан диний радикализмдин алдын алууга мектеп окуучулары да киришти.  Базар-Коргон районунун жаштары диний радикализмге каршы күрөшүүнүн жолдорун ролик аркылуу көрсөтүп берди.

Өспүрүмдөр муну менен дүйнө жүзүндө тынчтык, ынтымак болуусун каалаганын түшүндүрүштү.

“Бүгүнкү күндө жаштардын радикалдык агымдарга азгырылып жатканына социалдык тармактардагы ар кандай үгүттөр таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан радикализмдин алдын алууга үндөгөн видеолорду дагы интернеттен жайылталы деп чечтик. Ал аркылуу азыркы өсүп келе жаткан жаштар экстермизмдик агымдардан оолак болууга аракет жасашат. Мында радикализмге каршы туруу жолдору да көрсөтүлгөн”, – дейт Ж.Бөкөнбаев мектебинин окуучусу Азамат Кубанычбек уулу.

Видеоликтерди окуучулар уюлдук телефондор менен тартышкан. Анда тасманын сапаты эмес, тарбиялык мааниси эске алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.