Окуу жылынын которулушуна байланыштуу акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат

Сентябрда окуу жылынын эки жумага жылдырылгандыгына байланыштуу, мектепте окуу 2022-жылдын -июнунда аяктайт. Акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, биринчи чейрек 15-сентябрда башталып, 5-ноябрда, экинчиси – 15-ноябрда башталып, адаттагыдай эле, 31-декабрда аяктайт.

“Үчүнчү чейрек 11-январда башталып, 18-мартта аяктайт. Жыл сайын ушундай болчу, эч кандай өзгөрүү жок. Төртүнчү чейрек 28-мартта башталып, 8 -июнда аяктайт. Бул жалгыз өзгөрүү. Буга чейин окуу жылы 31-майда аяктаган”, – деди Надира Жусупбекова.

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Мындай чечим билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык оффлайн режиминде окутууга этап менен өтүү менен түшүндүрүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.