Нуржигит Кадырбеков талкууга алынып жаткан ырчылар менен жолукту

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков акыркы күндөрү талкууга алынып жаткан эстрада ырчысы Курал Чокоев жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев менен жолугушуп, баарлашты.

Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, эл аралык деңгээлге алып чыгуу менен, кыргыз маданиятын дүйнөгө  таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеялары талкууланды.

Министр менен эстрада ырчылары фонограмма көйгөйүн чечүү, массалык маданиятка жарандардын кызыгуусун арттыруу боюнча да пикир алмашты. Артка кылчактабай, эл-журтубуз үчүн мыкты, пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча жалпы позиция такталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.