Ноокендеги социалдык шаарчанын курулушу 90 пайызга аяктады

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айылындагы 100 батирлүү социалдык турак жайлардын курулушу 90 пайызга аяктап, соңуна чыгуу алдында турат.

Бул тууралуу “Ынтымакка” Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Анда маалымдалгандай, кечээ, 8-февралда облус башчысы Абсаттар Сыргабаев курулуш иштери менен таанышып чыкты.

Облус өкүлү айылдагы коомдун аярлуу катмарындагы муктаж, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер үчүн бул ири долбоордун алкагында курулган социалдык турак жайларда, бардык заманбап шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Мында муктаж жарандар үй менен камсыз болуп, жумуш орундары да каралган. Учурда шаарчада 100 орундуу тигүү ишканасын жана нан бышыруучу цехтин курулушу да аяктап калды. Ага катар ФАП, мечит, дүкөн жана кичи футбол аянтчасы да бар.

Демилге “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып, жергиликтүү бийлик тарабынан социалдык шаарчага 3 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.