Ноокенде 5,5 миңден ашык адам коопсуз жайга көчүрүлдү

Райондогу Кара-Үңкүр дарыясындагы суу деңгээли көтөрүлгөндүктөн, 885 кожолуктагы 5 590 киши туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жеринде абалды көзөмөлдөп жүрөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

ӨКМдин Ноокен райондук бөлүмүнүн башчысы Н.Медетбековдун маалыматында, 18-19-апрелдеги жаан-чачындан Кара-Үңкүр дарыясындагы суу көтөрүлүп, Арал айылындагы тосмонун 250 метр аралыгын жууп кетти. Мындан улам Мазар участкасындагы 234 үйгө жана 2 миң гектардан ашык айдоо жерге коотуулук жаратууда.

“50дөй куткаруучу, жергиликтүү элден 150дөн ашык иши суу жээгин бекемдөө иштерин жасашты. Миң кап таш, дагы бак-дарактарды кыркып жээкти тосушту. 15 техника тартылды”, – дейт ал.

Кара-Үңкүр дарыясы бир нече айылды каптап кетүү коркунучу бар. Кечээ түштөн кийин тургундарды көчүрүү иштери башталды. Сакылды айыл аймагындагы Сай-Бою, Чек, Кормоцех, Чоң-Багыш айылдарындагы кожолуктардын баары, Кыргызстан кыштагындагы 480 кожолуктун 384ү коопсуз жайга көчүрүлдү. Жалпы 5,5 миңден ашык киши үйүн таштап, туугандарыныкына кетүүгө мажбур болду.

Акыркы эки күндө катуу жааган жаандан улам Кыргызстанда, анын ичинде өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында сел, суу ташкыны,  жер көчкү коркунучу күч алды. Жалал-Абаддын өзүндө эле төрт дарыядагы суу деңгээли көтөрүлүп, алардын баарында жээктерди бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Видео, сүрөттөр: ӨКМ

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.