Ноокен: жер көчкү төрт айылдын жолун бууду

Жалла-Абад облусуна карашуу Ноокен райнун Сары-Бээ аймактык башкармалыгында 18 000 м3 жер көчкү жүрүп, унаа жол жабылып калды.

Бул тууралуу кабарчыбыз Кылымжан Азамат кызы жеринен кабарлады. Көчкү унаа жолдун 500 метрден ошуунун тосуп калган. Анын айынан төрт айыл унаа жолсуз калды.

Айымактык башкармалыктагы Көк-Ой, Көпүрө-Башы, Сары-Бээ жана Кайрагач айылдарында жалпы 700 кожолук бар, 4 миңдей адам жашайт.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-апрелде саат 00:30 чамасында Майлуу-Суу шаарынын Кой-Таш участкасында болжол менен 18 000 м3 жер көчкү жүрүп дарянын нугун айыл тарапка бурган.. Анын айынан 37 кожолукка кооптулук жаралып, окуу жайдын жатаканаларына көчүрүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.