
Ноокен районунун Майлы-Суу дарыясына 18 миң метр куб жер көчкү түшүп, дарыя нугунун жарымын бөгөп калды. Учурда Түштүк-Кара-Жыгач айылынан 36 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү каралууда.
Көчкү 28-апрелде түнкү саат 00:30 чамасында катталган. Дарыядан ашкан суу короолорду каптоодо. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес, кыйроолор жок. Учурда куткаруучулар кооптуу аймакта иш алып барыып жатышат.
Көчкү 1993-1994-жылдары пайда болгон.
- 28.04.2017