Ноокат: алты миң гектар аянтка суу жеткирүүчү канал ондолду

Ноокат районунунда алты миң гектарга суу жеткирүүчү канал ондоодөн өттү. Анын 200 метрге жакынына бетон куюлса, калган бөлүгү толук оңдоолду. Бул тууралуу “Ынтымакка” район акими Давранбек Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, каналдын оңдолушу менен дыйкандар алты миң гектар жерин толук суугат суу менен камсыздаганга мүмкүнчүлүк жаралды. Каналды оңдоп-түзөөгө жалпы 3 млн сом керектелген. Анын 2 млн сомун “Ага Хан” фонду, калган каржыны тургундар өздөрү жыйнашкан.

Белгилей кетсек, аталган канал мындан 40 жыл мурун курулуп, андан бери оңдоодон өто элек болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.