
Жаңы-Ноокаттын Кызыл-Тейит аймагында жашаган 114 кожолук таза суу менен камсыз болду. Айылга эки чакырым алыстыктан суу куурлары тартылып келди. Ага эки млн сом сарпталып, анын бир млн сомун “Ага Хан” фонду каржылаган. Калган бөлүгүн жергиликтүү тургундар өздөрү жыйнашкан.
Айылга ондон ашуун таза суу чорголору орнотулду. Тургундар буга чейин кошуна айылдан суу ташып ичип келишкен.
Эки жыл ичинде Ноокат районунда таза суу тартуу боюнча 56 млн сомдук жумуштар аткарылды. Анын 31 млн сомун “Ага Хан” фондунан каржыланса, калган суммасы жергиликтүү бийлик менен тургундардан чогулган.
- 28.04.2017