
Бейтап менен кошо ооруп, кошо айыккан ак халатчандардын эмгеги миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калат. Адам баласы туулуп-өскөн күндөн баштап, ак халатчан дарыгерлердин колдоосуна муктаж болот. Мына ушундай жоопкерчиликтүү кесипти аркалаган дарыгерлер канчалаган адамдарга жардамын аябай, күн-түн дебей алардын саламатыгы үчүн күрөшүп келет. Дүйнөдөгү эң асыл кесиптин ээлерине жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү көйгөйлөрүбүздү айтып, ден-соолугубузду чындоого ишенип, алар менен жакшы мамиледе иш алып барабыз.
Дарыгерлер жумушунун түйшүгүнө карабай, бүт өмүрүн ушул кесипке арнап келет. 1979-жылдан бери ушул кесипти аркалап келген Назарбай Сагындыков жумушу менен сыймыктанат.
Сагындыковдон дарыгерлик кесиптин сырларын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
- 20.03.2019