Назарбаевдин иниси менен күйөө баласы кызматтан кетти

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулыбаев “Атамекен” улуттук ишкерлер палатасынын төрагасы кызматынан кетти. Бул тууралуу маалымат 17-январда палатанын сайтында жарыяланды.

Кулыбаев – мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динара Кулыбаеванын күйөөсү.

Бул арада Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин агасынын уулу Самат Абиш өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайтында кабарланды.

Буга чейин Казакстандын атайын кызматы Самат Абиш эмгек өргүүсүндө экенин кабарлаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.