Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды эки айга камалды

Казакстандын мурдагы президентинин иниси Кайрат Сатыбалды эки айга камалды. Бул туурасында Нур-Султан шаардык сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Коррупцияга каршы кызмат 13-мартта Кайрат Сатыбалдыны чет өлкөгө чыгып кетүүгө аракет жасаган маалда кармаганын билдирген. Ал Казакстандын мурдагы президентинин туугандарынын ичинен кармалган алгачкы адам болуп калды.

51 жаштагы Сатыбалдыга кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана “Казактелеком” акционердик коомунун каражатын уурдоо” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Коррупцияга каршы кызматтын билдиришинче, Сатыбалды Дубайга чыгып кетмек болгон.

Сатыбалды мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген башка кылмыштарга да катышы бар деп шектелүүдө.

Кайрат Сатыбалды мурда мамлекеттик кызматтарда иштеген. Борбор калаа Нур-Султандын акиминин орун басары болуп, улуттук “Казакойл” жана “Казакстан темир жолы” компанияларын жетектеген. 2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген “Нур Отан” партиясынын борбордук аппаратында жүргөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.